Ethno-village Almaluu

Ethno-village Almaluu Ethno-village Almaluu is the perfect place to experience nomadic and yurt lifestyle as well as Kyrgyz traditions ! Come visit us !

ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫАсанакунова Жылдыз Жартыевна№28 шайлоо округу боюнча талапкер, №15МАКСАТЫМ:Кыргызстандын ар бир ж...
11/11/2025

ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ
Асанакунова Жылдыз Жартыевна
№28 шайлоо округу боюнча талапкер, №15

МАКСАТЫМ:
Кыргызстандын ар бир жараны үчүн коопсуз, адилеттүү жана мүмкүнчүлүккө бай коом түзүү.
Өлкөнү «төмөндөн жогору» — элдин үнүнөн мамлекеттин чечимине карай өнүктүрүү.

1. ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ ЖАНА ЖУМУШ ОРУНДАРЫ
• Аймактардын өзгөчөлүгүнө жараша чакан жана орто бизнести өнүктүрүү;
• Кооперативдерди жана жергиликтүү өндүрүштү колдоо аркылуу туруктуу жумуш орундарын түзүү;
• Туризмди, кол өнөрчүлүктү жана айыл чарбасын бириктирген аймактык өнүгүү моделин киргизүү;
• Аялдар менен жаштардын ишкердик демилгелерин жеңилдетилген насыялар жана окутуу аркылуу колдоо.
2. САПАТТУУ БИЛИМ ЖАНА ЖАШТАР САЯСАТЫ
• Ар бир бала жана жаш үчүн жеткиликтүү, сапаттуу билим шарттарын түзүү;
• Мектептерди заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу жана мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүү;
• Жаштар үчүн кесиптик билим берүү, IT жана экологиялык билим багыттарын өнүктүрүү;
• Лидерлик, чыгармачылык жана ыктыярчылык программаларын ишке ашыруу.
3. САЛАМАТТЫК ЖАНА СОЦИАЛДЫК КОРГОО
• Саламат жашоо образын коомдо кеңири жайылтуу;
• Ар бир айылда жеткиликтүү медициналык тейлөөнү камсыз кылуу;
• Энелер менен балдардын саламаттыгына өзгөчө көңүл буруу;
• Улгайган адамдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн камкордук программаларын күчөтүү.
4. ТАБИГАТ ЖАНА ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ
• Таза суу, энергия жана таштанды маселелерин системалуу түрдө чечүү;
• Экологиялык коопсуздук боюнча мыйзамдардын аткарылышына коомдук көзөмөл киргизүү;
• Тоолорду, токойлорду, көлдөрдү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо;
• Экотуризмди жана жашыл экономиканы өнүктүрүү аркылуу аймактык өнүгүүгө түрткү берүү.
5. АДИЛЕТТИК, КООПСУЗДУК ЖАНА БАШКАРУУ
• Ар бир жаран үчүн мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу;
• Коррупцияга каршы ачык механизмдерди түзүү жана элдик көзөмөлдү күчөтүү;
• Коомдук коопсуздукту камсыз кылууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролун жогорулатуу;
• Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү ачык жана элге ыңгайлуу кылуу.
6. ӨНӨКТӨШТҮК ЖАНА КООМДУК БИРИМДИК
• Мамлекет, жарандык коом жана жеке сектор ортосунда туруктуу өнөктөштүк түзүү;
• Туруктуу өнүгүү максаттарын (ЦУР) аймактарда ишке ашыруу;
• Эл менен ачык диалог, коомдук талкуу жана отчет берүү маданиятын өнүктүрүү;
• Кыргызстандын биримдигин, улуттук баалуулуктарын жана маданиятын бекемдөө. — с Julduz Asanakunova.

11/01/2025
Каньон "Сказка" — это удивительное место с уникальным ландшафтом, расположенное недалеко от озера Иссык-Куль в Кыргызста...
11/01/2025

Каньон "Сказка" — это удивительное место с уникальным ландшафтом, расположенное недалеко от озера Иссык-Куль в Кыргызстане. Оно славится своими красочными скалами, причудливыми формами и легендами, которые привлекают туристов со всего мира.

Магическое воздействие
Снятие стресса и депрессии
Сама природа Каньона "Сказка" располагает к расслаблению: окружающий пейзаж с причудливыми формами, напоминающими замки, животных и мифических существ, помогает забыть о повседневных проблемах.
Пение птиц, чистый воздух и гармония природы создают идеальные условия для медитации и внутреннего спокойствия.
Люди, побывавшие здесь, отмечают, что чувствуют себя обновленными, словно зарядились энергией Земли.
Сакральная энергия
Многие считают, что Каньон связан с энергетическим потоком Земли, а сам Иссык-Куль является своего рода "порталом" между мирами.
В тишине этого места можно почувствовать единение с космосом, что делает его популярным среди эзотериков и любителей духовных практик.
Легенда о спящем драконе и влюбленной девушке
Согласно легенде, в этих краях жил огромный дракон, охранявший богатства и спокойствие региона. Но однажды он влюбился в прекрасную девушку из местного племени. Их любовь была запрещенной, так как люди боялись мощи дракона. Чтобы не причинить вреда своей возлюбленной, дракон уснул навечно, а его тело превратилось в скалы Каньона "Сказка". Говорят, что если долго всматриваться в линии каменных хребтов, можно разглядеть силуэт дракона, лежащего среди холмов.

Панорама озера Иссык-Куль
С вершины каньона открывается потрясающий вид на величественное озеро Иссык-Куль. Лазурные воды озера отражают небо, а в сочетании с красными оттенками каньона создают поистине магическую картину.

Это место — сочетание природной красоты, древних легенд и возможности найти гармонию с самим собой.

Юнеско жана Евробиримдиги уюмдарынын колдоосу менен  Резиденция Ала Кийиз практикалык окутуу семинарды өткөрүүнү 9-16 ию...
11/07/2024

Юнеско жана Евробиримдиги уюмдарынын колдоосу менен Резиденция Ала Кийиз практикалык окутуу семинарды өткөрүүнү 9-16 июль Алмалуу боз үй шаарчасында баштадык .
Семинар салттуу ала кийиз жасоо ыкмасын жандандырууга жайылтууга чеберлер топтомдорун окутууга арналат.
Максатыбыз: Ала кийиз жасоонун салттуу ыкмаларын сактоо , жайылтуу.
Кыргыз шырдагы жаралганга чейин ала кийиз жаралып андан соң көркөмдөлүп жасалган шырдактарды кыргыз аялдары чыгармачыыктын туу чокусуна чыгара жасашкан.
Кыпгыз аялдарынын колунан чыккан шырдак , ала кийиз, туш кийиз, килем , сайма ж.б кол өнөрчүлүктүн түрлөрү – татыктуу улуттук бренд боло алат.
Кыргызстанда салттуу кийизчилик өнөрү менен алектенген чеберлер өнөрканалар саны күн сайын өсүүдө.
Бирок кол өнөрчүлүктү мамлекеттик денгээлде колдоого алып , маданий министрлик алдында атайын кол өнөрчүлүк бөлүмүн ачуу жана экспорттук сатуу жагы чектелүүдө:
-кол өнөрчүлүк көмүскө бизнес болбош керек, мамлекет системага салышы зарыл ;
- чеберлер статусу беоилиш керек, алардын автордук иштери корголушу зарыл;
- тоолуу өрөөндөрдө жаштарга жумуш ордун түзүү алардын продукцияларын таанытуу , сатуу иштери колдоого алынышы зарыл
Резиденция Ала Кийизде чеберлер менен бир кана ала кийиз жасабастан келечекте кол өнөрчулуктун сапаттын, турлөрүн көтөрүү, туризм аркылуу
саттык иштерин уюштуруу маселелери да каралат.

Семинарда 8-10 чеберлер биргелешип жасаган иштер даяр болот , ала кийиз ыкмасынын түрлөрүнүн сапатын жакшыртуу жана эл аралык сатыкка популярдуулугун көтөрүү максаттын ишке ашыруу пландалды .

27/06/2024
Биздин балдарыбыз үчүн нукура кыргыздын өзөгүн, маданияттын, каада салттын бекемдеген, эл жерди сүйүүгө тарбиялаган жайк...
27/06/2024

Биздин балдарыбыз үчүн нукура кыргыздын өзөгүн, маданияттын, каада салттын бекемдеген, эл жерди сүйүүгө тарбиялаган жайкы “Мен Кыргыз”- салттуу билим лагерине кабыл алуулар башталды.
Кааласаңыздар балдарыңыздар менен чогуу Алмалуу боз үй шаарчасында салттуу билим алыңыздар!
Алмалуу боз үй шаарчасында жашоонун эң жакшы шарттары бар, таза аба , нукура тамак аш, боз үйдө уктоо, салттуу сабактар жана башка балдарга кызыктуу улуттук оюн зооктор, табигый маданий мурастарга саякаттар уюштурулат.
Балдар беш маал тамактанып ыңгайлуу боз үйлөрдө , күндө салттуу сабактарды практикалык иш менен үйрөнүп жашашат.
8-10 күндүк “Мен Кыргыз” жайкы лагерь 3 жолу уюштурабыз.
2июлдан-12 июль
22 июлдан 5 августка
16 августан 26 августка чейин
Программада :
Нукура кыргызча боз үйдө жашоо балдарыбызга түбөлүккө позитивдүү таасир калтыруучу таалим тарбия жана унутулгус иш-чаралар уюштурулат.
Балдарыбызга турмуштук сабактарды, мотивацияларды берүүгө мыкты комузчу, мыкты чебер, мыкты салбуурунчу, салттуу билимдердин түрүн сабак беришет.
Балдарыңызга 10 күндүк унутулгус эмоцияларды тартуулаңыз!
8 күнгө 12 000 сом
10 күнгө 15000 сом

Каттоо жүргүзүү үчүн контактар:

+996 708 303 443

+996 703 083 695

23/03/2024
12/01/2024

Address

Bökönbaev

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Ethno-village Almaluu posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Ethno-village Almaluu:

Share

Category