28/05/2024
Кыргыз Республкасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши, башкы катчысы Муканова Нурипа Аалиевна 3 жылдан бери бир топ иштерди аткарып келе жатат, белгилеп кетчүү жагдай Мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун, ишкерлер жана илимий чөйрө менен ортосунда көпүрө болуп, аянтча түзүп алгылыктуу чоң жумуштарды жасап келе жатат.
Жарандык коом тарабынан, жарандык мониторинг жүргүзүү боюнча бардык мүмкүнчүлүктү жана баардык иштер КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ АНТИКОРРУПЦИЯЛЫК ИШКЕРДИК КЕҢЕШИНИН ЖАНА БАШКЫ КАТЧЫНЫН ТҮЗ КООРДИНАЦИЯСЫ МЕНЕН АТКАРЫЛЫТ ЖАТАТ.
Биз жарандык коомдун өкүлдөрү үч жылдан бери Мамлекеттик органдарынын коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан саясаты жана аткарып жаткан иштерине тышкы байкоо салып мониторинг жана талдоо жүргүзүп келе жатабыз, бул дагы болсо Нурипа Аалиевнанын эмгеги, жарандык активист жана коомдук уюмдардын жүрүм-турумдары жана иш алып барууда бир топ салымын кошуп келет, семинар жана тегерек столдорду ар дайым өткөрүп келүүдө. Бул чоң эмгектери үчүн жарандык коомдун атынан ыраазычылык билдиребиз!
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана анын органдарынын ишине мониторинг, анализ, байкоо жүргүзүү үчүн “Элдин көзөмөлү - Народный надзор” коомдук бирикме тарабынан коррупцияга каршы apaкeттeнүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү максатында, “Коррупцияга каршы apaкeттeнүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин системасында 2023-2025-жылдарга коррупциянын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин стратегиялык планынын алкагында жана 2022-жылдын 22-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу коррупцияга Антикоррупциялык ишкердик кеңештин катчылыгы, мүчѳлөрү жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн мындан ары чогуу, Мамлекеттик органдардын ишине көмөк көрсөтүп, Мамлекеттин коррупция менен күрөшүүдө жана алдын алуудагы иштерине байкоо салуу үчүн келишимдин алкагында, бүгүн Юстиция министринин тийиштүү орунбасарлары жана тийиштүү жетекчилери менен жолугушуп, алдыдагы иш-чаралардын планынын, максатын жана иштөө графигин макулдашып келдик.
Министрликтин иши менен таанышып кайттык. Бүгүнкү күндөн баштап КР Юстиция министрлигинин ишине байкоо салуу башталды.